2020-жылдын октябрынан бүгүнкү күнгө чейин мамлекетке 168 млрд 287 млн 49 миң сом кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камыбек Ташиев маалымат жыйында билдирди.
Айтуусунда, 168 млрд 287 млн сомдун ичинен 37 млрд 776 млн сом акчалай, 130 млрд 510 млн сом мүлк түрүндө кайтарылган. Бул каражаттар коррупциядан, мыйзамсыз иштерден бюджетке өндүрүлгөн.
«Биз декабрдын аягына чейин дагы кошумча 40 млрд 893 млн сомдук жумушту аткарып бүтөбүз деген оюбуз бар. Азыр кылмыш иштеринин алкагында каралып бүтүп жаткан жумуштар. Бул 472 млн 755 миң доллар болот экен. 2020-жылдын октябрь айынан 2024-жылдын декабрь айынын аягына чейин 209 млрд сом жыйналат. Бул 2 млрд 400 млн доллар болот экен», — деди ал.