Кыргызгидромет билдиргендей, 17-декабрда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде кар жаайт. Өлкөнүн калган аймактарында кар, жаан жаабайт.
Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -12…-17, күндүз -2…+3,
Талас өрөөнүндө түнкүсүн -11…-16, күндүз -4…+1,
Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -10…-15, күндүз 0…-5,
Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн -11…-16, күндүз -4…+1,
Нарын облусунда түнкүсүн -19…-24, күндүз -7…-12.
Бишкекте түнкүсүн жана күндүз кар жаайт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Абанын температурасы түнкүсүн -13…-15, күндүз 1…3 градус болот.