Бишкекте жылда өткөрүлүүчү кесипкөй журналистика жаатындагы «Умтулуу-2024» сынагынын жеңүүчүлөрүнө сыйлыктарды тапшыруу аземи өттү.
Интерньюстун маалыматына караганда, быйыл 195 эмгек келип түштү, алардын 93ү кыргыз тилинде, ал эми 102 журналисттик материал – орус тилинде болду.
Бул сынак USAID тарабынан каржыланып, Freedom House менен өнөктөштүктө ишке ашырылган Кыргызстандагы Интерньюс уюмунун «Медиа-К» долбоорунун алкагында уюштурулган.
Толук маалыматты бул шилтемеден таба аласыздар.