«Маралдын» кабарчысы Зымырат Эркинбекова кесипкөй журналисттердин арасындагы «Умтулуу-2024» улуттук сынагында байгелүү орундарга ээ болду.
«Маралдын» «Булгаарыдан буюм жасап саткан эки дос» аттуу чыгарылышы «Аракеттүү инсан» номинациясында 1-орунга ээ болду. Каармандар үчүн да атайын сыйлык тапшырылды.
Ошондой эле «Ынтымак жана тынчтык» номинациясы боюнча «Кыргызстанды байырлаган күрт эли» аттуу видеотасма 3-орунга ээ болду.
Кесипкөй журналисттердин арасындагы «Умтулуу» улуттук сынагы Интерньюс уюму тарабынан жыл сайын уюштурулуп келет. «Радио Марал-MARAL FM» радиосу Быйыл экинчи жолу бул сыйлыктын лауреаты болду.