Connect with us

Өлкөдө мамлекеттик жөлөкпул алгандардын саны азайды

Кыска кабар | 14 Дек 2024 | 217 | 0

Кыргызстанда өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу «үй-бүлөгө көмөк» мамлекеттик жөлөк пулун алгандардын саны азайган. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, эгерде өткөн жылы социалдык жардамдын бул түрүн 83 824 аз камсыз болгон үй-бүлө алса, быйылкы жылы алардын саны 66 265 үй-бүлөнү түзгөн.

Ага ылайык, ай сайын мамлекеттен 1,2 миң сомдук жөлөкпул алып турган балдардын саны да азайды – өткөн жылдагы 284 794 баладан быйылкы жылдын аягында 231 691 балага чейин.

Ошентип, алуучу үй-бүлөлөрдүн саны 17 559 үй-бүлөгө азайган.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM