Кыргызгидромет билдиргендей, 13-декабрда өлкөдө жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Түштүк-чыгыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -9…-14, күндүз 4…9,
Талас өрөөнүндө түнкүсүн -10…-15, күндүз 2…7,
Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында түнкүсүн -6…-11, күндүз -1…+4,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -6…-11, күндүз -1…+4,
Нарын облусунда түнкүсүн -16…-21, күндүз -3…-8 градус суук болот.
Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн -9…-11, күндүз 5…7 градус болот.