Connect with us

1-январдан тарта маркасы жок күйүүчү майды жүгүртүүгө тыюу салынат

Кыска кабар | 12 Дек 2024 | 128 | 0

Мамлекеттик салык кызматы 2025-жылдын 1-январынан тартып маркасы жок күйүүчү майды жүгүртүүгө тыюу салынаарын эскертет.

Ведомствонун маалыматына караганда, Министрлер кабинетинин 2024-жылдын 4-июлундагы токтомуна ылайык, көрсөтүлгөн күндөн тартып маркаланбаган бензинди жана дизелдик отунду сактоого, сатууга жана ташууга тыюу салынат.

Мунайзаттарды жүгүртүү менен алектенген субъекттер 2024-жылдын 31-декабрына чейин отундун бул түрлөрүнүн калдыктарын маркалашы керек.

Эскерте кетсек, 2024-жылдын 1-октябрынан тартып Кыргызстанда молекулярдык маркерлерди колдонуу менен импорттолуучу жана өндүрүлгөн бензин менен дизелдик отунду милдеттүү түрдө маркалоо киргизилген.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM