Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги Бишкек шаарындагы мониторинг иш-чараларынын алкагында жүргүзүлгөн абанын сапатын өлчөөчү приборлорду (датчиктерди) сыноонун натыйжалары жөнүндө маалымат таратты.
Министрликтен билдиришкендей, 5-9-декабрь күндөрү Жаратылыш ресурстары министрлигинин инспекторлору тарабынан борбор калаанын айрым мекемелеринде атмосфералык абанын нормасынан ашкан түзүлүштөр текшерилип, анын жүрүшүндө аталган приборлор Кыргызстандын белгиленген мыйзамдарына ылайык келбегендиги аныкталган. Тактап айтканда, сертификаттары (мамлекеттик текшерүү жана калибрлөө ж.б.) документтери болгон эмес.
Белгиленгендей, текшерүүнүн жүрүшүндө, аппараттар жабык, желдетилбеген жерлерде жайгашкандытан, атмосфералык абанын сапаты боюнча туура эмес маалыматтарды берген.