Connect with us

Ташиев: Абхазия, Армениядан келген унааларды мыйзамдаштыруу каралып жатат

Кыска кабар | 11 Дек 2024 | 221 | 0

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев бүгүн, 11- декабрда Абхазия, Армениядан алынып келинген унаа каражаттарынын колдонуучуларынын өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Маалыматка караганда, азыркы учурда Кыргызстанда 15 миңге чукул Армения менен Абхазиядан келген унаалар бар, алардын 90%ы оң рулдуу болуп саналат. Аталган унаалардын көпчүлүгү комплектөөчү катары  алынып келинип, кураштырылган.

“Бир дагы мыйзамсыз автоунаа Кыргызстандын аймагында жүрбөөсү керек, силер жеке өзүңөрдү ойлоп 5000-6000 долларга алган унааңар жарандардын өмүрүнө коркунуч жаратууда. Силер бизди “нааразычылык акцияларына чыгабыз”- деп коркутпагыла, мыйзамсыз алып келип, “легалдаштырып бергиле”- деп, доо да койбогула! Президентибиз Садыр Нуркожоевичтин тапшырмасынын негизинде – автоунаа ээлеринин кандайдыр бир документи барларын, техникалык абалы жакшыларын карап чыгып, мыйзамдаштырып берели деп жатабыз, бирок алардын ичинде мыйзамдашпай тургандары да бар. Азырынча чечим кабыл алына элек, унааңар мыйзамсызбы?, анда айдап чыкпагыла” – деди Камчыбек Ташиев. 

Жыйынга Президентинин администрациясынын, УКМКнын, ИИМдин, Мамлекеттик бажы кызматынын, Салык кызматынын жана автоунаа каражаттарынын колдонуучуларынын өкүлдөрү катышты.

Жогорку Кеңеште депутат Жанар Акаев Кыргызстанга Армения, Абхазиядан келген унааларага бир жолку мунапыс берип, каттоону сунуштап, мындан ары алып келүүгө жол бербөөнү сунуштаган.  

Кыргызстанда 2015-жылы оң рулдуу автоунааларды ташып келүүгө тыюу салынган.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM