«Каракол» эл аралык аэропортунун ачылышы аба ырайына байланыштуу эртеңкиге жылдырылды. Бул тууралуу аэропорттун басма сөз кызматы кабарлады.
Буга чейин Бишкектеги «Манас» эл аралык аэропортунан Каракол шаарына техникалык учуу ишке ашырылган. Аэропорт 10-декабрда президенттин катышуусунда ачылмак.
Алдын ала техникалык учууну «Асман Эйрлайнс» мамлекеттик авиакомпаниясы аткарган. Караколдогу аэропорт реконструкцияланды.