Connect with us

Журналист Адыл Акжол уулу эркиндикке чыкты

Кыска кабар | 10 Дек 2024 | 148 | 0

Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын директорунун мурдагы орун басары, журналист Адыл Акжол уулу тергөө абагынан бошотулду. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунун маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Адыл Акжол уулунуа Кылмыш-жаза кодексинин “Опузалап талап кылуу” жана “Жекече жашоонун кол тийбестигин бузуу” беренелери менен айып коюлган. Тараптардын элдешүүсүнө байланыштуу сот 9-декабрда анын бөгөт чарасын өзгөртүп, тергөө абагынан бошоткон.

Ушул жылдын сентябр айынын башында Ош облустук милициясы быйыл 22-июль күнү Ысык-Көл облусунун тургуну УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгына арыз менен кайрылган. Анда 8-июлдан бери Адыл Акжол уулу жеке ишкананага байланыштуу тартылган видео тасманы өчүрүү үчүн олуттуу өлчөмдө акча каражатын талап кылып жаткандыгын билдирген.

Бул факты боюнча Өзгөн райондук ички иштер бөлүмү жана УКМК тарабынан тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Текшерүүнүн  жүрүшүндө чогултулган материалдарга тийиштүү экспертиза дайындалып, анын корутундусуна ылайык, Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин “Опузалап талап кылуу” негизинде кылмыш иши козголуп, ыкчам-тергөө амалдары башталган.

Тергөө амалдарынын жүрүшүндө блогер өзүнүн ютуб каналына аталган ишкерге тиешелүү материалды жүктөп, аны 76 миң колдонуучу көргөндүгү жана башка социалдык тармактарга тарап кеткендиги аныкталган.

Учурда УКМК менен биргеликте ыкчам-тергөө амалдары жүргүзүлүп жатканы кабарланган.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM