Аксы райондук прокуратурасы 2024- жылдын 11 айында 902 085 сом өлчөмүндөгү зыяндын орду акчалай, ал эми 2 600 000 сом өлчөмүндөгү зыяндын орду натуралдык түрдө толтурду. Бул тууралуу 9-декабрда Коррупцияга каршы күрөшүүнүн эл аралык күнүнө карата уюштурулган иш-чарада айтылды.
Иш-чаранын максаты коррупцияны алдын алуу жана коррупцияга каршы мыйзамдардын талаптарын түшүндүрүү, ошондой эле бул багытта райондук прокуратура тарабынан аткарылган иштердин жыйынтыгын жеткирүү болуп саналат.
“Бул багытта райондук прокуратура тарабынан 2024-жылдын 11 айына карата коорупцияга каршы мыйзамдардын аткарылышына жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн жыйынтыгы менен 902 085 сом өлчөмүндөгү зыяндын орду акчалай, ал эми 2 600 000 сом өлчөмүндөгү зыяндын орду натуралдык түрдө толтурулуп, бир катар кызмат адамдары ар түрдүү тартиптик жазаларга тартылышкан”, — деп айтылат маалыматта.
Мындан сырткары, райондук прокуратура тарабынан коррупцияга каршы кылмыштар боюнча оор категорияда 2 кылмыш иши козголуп, бүгүнкү күндө тергелип жатканы айтылды.