Connect with us

Тамак-аштан массалык уулангандар үчүн айып пулду 100 миң сомго чейин көтөрүү сунушталды

Кыска кабар | 9 Дек 2024 | 148 | 0

Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин 9-декабрдагы жыйынында «Тамак-аш продукциясынын коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө», «Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоорлору биринчи окууда каралып, колдоо тапты. Демилгечилер депутаттар тобу.

Демилгечилердин бири депутат Марлен Маматалиевдин айтымында, мыйзам долбоорлору калк арасында топтук жугуштуу ооруларды, тамак-аштан массалык түрдө ууланууларды болтурбоо максатында иштелип чыккан.

Долбоорго ылайык, жеке адамдар үчүн айып пул 50 миң сомго, юридикалык жактар үчүн 100 миң сомго чейин көбөйтүлүшү мүмкүн. Бул коопсуздук чаралары тамак-аш ууланууларынын жана жугуштуу оорулардын алдын алууга багытталган.

Парламенттин бюджет жана экономика боюнча комитети азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо жана санитардык нормаларды бузгандыгы үчүн айып пулдарды көбөйтүү тууралуу мыйзам долбоорлорун буга чейин колдогон.

Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун өкүлү белгилегендей, учурда 9 аталыштагы азык-түлүк коопсуздугунун продуктуларынын ичинен 5 түрү боюнча толук камсыздалган, 2 түрү боюнча – 80%, ал эми калган 2 продукция боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM