Бишкек-Ош унаа жолундагы “Сосновка” постунда буга чейин оор жүк ташуучу унааларга киргизилген убактылуу чектөө саат 12:30да алынды.
Ал эми “Арал” постундагы оор жүк ташуучу унааларга киргизилген чектөө күчүндө.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Кыргызавтожол-Түштүк жана Кыргызавтожол-Түндүк мамлекеттик ишканалары тарабынан жолго инерттик материалдарды чачуу, тазалоо иштери үзгүлтүксүз уланууда.
Барскоон-Ак-Шыйрак унаа жолундагы Сөөк ашуусунда, Бишкек-Ош унаа жолунда, Боом капчыгайында, Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу жолунда, Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун Долон, Ак-Бейит, Түз-Бел, Кубакы ашуулары жана Өтмөк, Ала-Бел, Төө-Ашуу менен башка жолдордо каттам бар.
Ошондой эле, Ош-Сары-Таш-Эркечтам унаа жолунун Талдык, Тоң-Мурун ашууларында жол ачык.