Connect with us

Өзгөндөгү айланма жол ачылды

Кыска кабар | 7 Дек 2024 | 186 | 0

6-декабрда Өзгөн районундагы айланма жолдун ачылыш аземи болду. Ага, президент Садыр Жапаров катышты.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө айланма жол салуу, элдин жашоо-турмушун жакшыртууга багыт алган маанилүү салым болгонун билдирди.

«Өзүңүздөргө белгилүү болгондой, үстүбүздөгү жылдын январь айында башталган бул долбоорду мына декабрь айынын башында ишке берип жатабыз.

Долбоордун алкагында жаңы жол гана салынбастан, Кара-Дарыяга 197 метрлик жана Жазы дарыясына 77 метрлик эки чоң көпүрө салынгандыгын баса белгилеп кетейин. Жергиликтүү калкка ыңгайлуу шарттар түзүлүп, айланма жолдо мал айдап өтүүсү жана ички айылдардын каттамы үчүн жолдун асты менен өтүүчү өтмөктөр дагы курулду», — деди Садыр Жапаров.

Эске салсак, Өзгөндөгү айланма жолду салууга Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевдин уулу Тай-Мурас Ташиев инвестор тапкан.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM