Connect with us

Рубль бираз кымбаттады. Валюталар курсу тууралуу маалымат

Кыска кабар | 6 Дек 2024 | 272 | 0

Акыркы сутка ичинде евронун, орус рублинин жана юандын сомго карата расмий курсу жогорулап, тенгенин курсу төмөндөдү. Доллардын курсу туруктуу кармалууда.

6-декабрга карата Бишкектеги банктарда доллар орто эсеп менен 86,65 сомду түзүүдө. Улуттук банктын расмий курсу боюнча бир доллар 86,8 сом.

Евронун сомго карата курсу кымбаттаганы байкалды. Учурда бир евро орто эсеп менен 90,80 сомдон сатып алынып, 91,80 сомдон сатылууда. Расмий курс 91,4047 сомду түздү.

Ошондой эле орус рубли кымбаттап, 0,825-0,85 сомдон сатып алынса,  0,850-0,89 сомго чейин сатылууда. Улуттук банктын курсу 0,8313 сомду түздү.

Теңгенин да курсу төмөндөгөнү байкалды расмий курс – 0,1654 сом.

Ал эми юань да кымбаттап, бир юань11,9472 сомду түзүүдө.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM