Connect with us

Ашыкча жүк жүктөгөн айдоочулар айыпка жыгылат

Кыска кабар | 5 Дек 2024 | 161 | 0

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги ашыкча жүк жүктөгөн айдоочулар айыпка жыгыларын эскертет.

Министрликке караштуу Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаменти тарабынан салынган жолдордун сапатын сактоо, талкалоого жол бербөө максатында текшерүү иштери үзгүлтүксүз улантылып жатат.

Транспорт департаменти өлкөнүн өнүгүшү үчүн стратегиялык, социалдык, экономикалык мааниге ээ болгон жолдор аркылуу оор жүк ташыган унаалардын ашыкча жүгү аныкталса тиешелүү протоколдор толтурулуп, анын негизинде айып пулдар салынарын эскертет.

Белгилей кетсек, транспорттук көзөмөл бардык аймактык башкармалыктар тарабынан жүргүзүлүүдө.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM