Баткен районунда тергөөчүгө пара сунуштаган жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер инистрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 3-декабрда Баткен районунун тургуну 1965-жылы туулган М.Б. аттуу жаран өзүнүн пайдасына мыйзамсыз чечим чыгаруу үчүн Баткен РИИБдин тергөөчүсүнө 4 миң доллар сунуштагандыгы аныкталган.
Аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, ИИМдин Ички иликтөө кызматынын кызматкерлери УКМКнын кызматкелери менен биргеликте жүргүзгөн ыкчам аракеттердин натыйжасында М.Б. аттуу жаран пара катарында алып келген 4 миң долларын тергөөчүгө берип жаткан жеринен кармалган.
Азыркы учурда М.Б. Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесинин негизинде убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тиешелүү тергөө иштери жүргүзүүлүүдө.
Жыйынтыгы менен кошумча маалымат берилет.