Connect with us

Депутат Ташиевди полководец катары көрөрүн айтты

Кыска кабар | 5 Дек 2024 | 243 | 0

«Кыргыз-тажик чек арасын тактоону аягына чыгаруу жана коррупцияга каршы күрөштү жок дегенде 70%га чейин бүтүрөсүз деп ишенем».

Мындай пикирин депутат Акбөкөн Таштанбеков УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге Жогорку Кеңештин 5-декабрдагы жыйынында айтты.

«Сиз генералсыз. Президент сизге маршал наамын да бере алат. Бирок дагы бир жогорку наам бар ал полководец. Ал улуттук чоң салгылашууларда жеңишке жеткендерге берилген. Сиз коррупция менен күрөштү жеңсеңиз эл сизге ушул наамды берет. Аны президент эмес, эл берет», — деди депутат.

Жогорку Кеңеште бүгүн коррупция менен айыпталгандарга жазаны күчөтүү боюнча Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитет иштеп чыккан мыйзам долбоору талкууланып жатат.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM