Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун О.К аттуу тургуну Майлуу-Суу шаардык милициясына арыз менен кайрылып, жолдошуна чара көрүүнү өтүнгөн.
14-ноябрь күнү түнкү саат 00:00 чамасында жолдошу 1983-жылы туулган К.Т. аттуу жаран өзүн себепсиз уруп үйүнөн кууп чыккан жана ал чоң кызы менен кетип, үйдө уулу жана кызы жолдошу менен калган. Жолдошу беш жаштагы кызын сабап, видеого тартып, аялын үйгө келүүсүн талап кылган.
Бул факты 27-ноябрь күнү Майлуу-Суу ШИИБнин маалыматтардын электрондук каттоо журналына катталып, Ноокен РИИБне жөнөтүлгөн, бүгүнкү күндө тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.
Окуя боюнча келинге жана балдарына соттук-медициналык, соттук психо-психиатриялык экспертизалар дайындалган.
1983-жылы туулган К.Т. аттуу жаран Ноокен райондук ички иштер бөлүмүнүнө жеткирилип, учурда камакта. Тергөө амалдары жүрүп жатат.