Connect with us

Депутат: «Бойго жеткен кыздарыбыздын көбү турмушка чыккысы келбейт»

Кыска кабар | 4 Дек 2024 | 414 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Самыйкожо парламенттин 4-декабрдагы жыйынында Кыргызстандан кетип калууну самаган жаштар көбөйгөнүн айтты. Ошондой эле бойго жеткен жаштар турмуш курууга шашылбай калганын белгиледи.

Ал бийлик өкүлдөрүнө кайрылып, улут катары жок болуп кетүү коркунучунун алдын алууга, саясий каармандарды эмес, илим-билим, маданияттын каармандарын жайылтууга чакырды.

«Бойго жеткен кыздарыбыздын көбү турмушка чыккысы келбейт. Алардын оюнда бирөөнүн оокатын кылып жашагандан көрө, ит-мышык багып жашаганды туура көрүп баратышат.

Балдарыбыз дагы турмуш кургусу келбей, дүйнө кезип кеткиси келет. Эптеп эле Кыргызстандан чыгып кетүүнү көздөгөн жаштардын катары көбөйүп баратканы баарына маалым. Бул кимдин, кай жаткан келген бузук саясаты экенин айтпасам да билесиздер. Биз улут катары жок болуп кетүүгө жетпеш үчүн эмне кылышыбыз керек, деген соболду коюшубуз керек. Бүгүнкү күндө саясий каармандарды эмес, илимге, билимге, маданияттын каармандарын чыгарып, жаңы ысымдарды чыгаруу керек», — деди Мирлан Самыйкожо.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM