Connect with us

Ала-Тоо аянтында жаңы жылга карата даярдыктар жүрүүдө

Кыска кабар | 3 Дек 2024 | 107 | 0

Бишкектеги борбордук Ала-Тоо аянтын жана жаңы жылдык балатыны жасалгалоо иштери жүрүп жатат.

Мэриядан билдиришкендей, жакында «Бишкекжарык» ишканасынын адистери гирлянддарды орнотуп, майрамдык оюнчуктарды илип баштайт.

Буга чейин балатынын каркасын «Тазалык» ишканасынын кызматкерлери тургузушкан. Балатынын бийиктиги 32, диаметри 13 метрге жетет.

Ошондой эле аянтта чоң сейилдөөчү зона пайда болот. Мында толук кандуу жаңы жылдык шаарча түзүлөт. Шаар тургундары жана коноктору үчүн мастер-класстар, флешмобдор, концерттер жана башка иш-чаралар уюштурулат.

Аймакты жасалгалоого 1,5 млн сомго жакын акча каражаты бөлүнгөн.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM