Connect with us

Судья Марат Сыдыков кызматынан кеткен жок

Кыска кабар | 1 Дек 2024 | 163 | 0

Марат Сыдыков судьялык кызматынан кеткен жок. Бул тууралуу Президенттин басма сөз катчысы Асхат Алагозов фейсбук баракчасына жазды.

“Белгилүү болгондой Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун судьясы М.Р. Сыдыков Кыргыз Республикасынын Судьяларынын кеңешине судьялык кызмат ордунан өз каалоосу боюнча бошотуу тууралуу арыз менен кайрылган.

Судьялар кеңеши бул арызды канааттандырып, аны кызматынан бошотуу чечимин Президент Садыр Жапаровго киргизишти.

Бул сунуш Мамлекет башчысы тарабынан канааттандыруусуз калтырылып, материалдар артка кайтарылды»-деди Асхат Алагозов.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM