Балыкчы шаарында жаңы туристтик тейлөө борбору ачылды. Бл тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, туристтик борбор Дүйнөлүк банктын «Борбор Азиядагы аймактык байланыш жолдорун жакшыртуу боюнча программанын үчүнчү фазасы» долбоорунун алкагында курулду.
Аталган борбор туристтер үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүп, көпчүлүккө таанымал пансионаттарга жана тоо-лыжа базаларына баруучу жолдор көрсөтүлөт.
Ошондой эле жумуш орундарын түзүүгө жана аймактын экономикалык өнүгүүсүнө өбөлгө түзөт.
Жаңы борбор туристтерге маалыматтык колдоо көрсөтүү, эс алуу зонасы, сувенирдик дүкөн, дааратканалар, унаа токтотуучу жайлар жана электромобилдерди кубаттоо станциялары сыяктуу кызматтарды сунуштайт.