Биз менен байланышыңыз

Садыр Жапаров Түркиянын тышкы иштер министрлигине боз үй белек кылды

Кыска кабар | 5 Окт 2024 | 75 | 0

Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиев Түркиянын тышкы иштер министри Хакан Фидан менен жолугушту. Хакан Фидан Анкарага чогулган Түрк мамлекеттери уюмунө мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлеринин орун басарларын кабыл алды.

Айбек Молдогазиев президент Садыр Жапаровдун атынан Түркиянын тышкы иштер министрлигине улуттук боз үй белек кылган  сертификат тапшырды.

Кыргыз улуттук боз үйү Түркиянын тышкы иштер министрлигинин аймагына орнотулат, анда чет элдик элчилер жана дипломатиялык миссиялардын кызматкерлери кыргыз элинин байыркы тарыхы жана көчмөн маданияты менен тааныша алышат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM