Биз менен байланышыңыз

Өзбекстанда парламенттик шайлоонун жыйынтыгы 10 күндүн ичинде чыгат

Дүйнө , Кыска кабар | 28 Окт 2024 | 82 | 0

27-октябрда Өзбекстанда Олий Мажлистин мыйзам чыгаруу палатасына жана эл депутаттарынын облус, шаар жана райондук кеңештерине депутаттарды шайлоо өттү.

БШКнын 27-октябрдын саат 17:00гө карата жарыяланган маалыматы боюнча шайлоочулардын 72%ы же 20 миллионго чукул шайлоочулардын 14 миллиондон ашыгы добуш берген.

Шайлоонун акыркы жыйынтыгы 10 күндүн ичинде чыгат.

Шайлоочулар активдүү добуш берүүгө Фергана, Андижан, Наманган, Кашкадарыя аймактарында катышканы байкалган.

Бүгүн, 28-октябрда Өзбекстандын Борбордук шайлоо комиссиясында бир нече брифингдер пландалган, анда шайлоо боюнча акыркы маалымат жарыяланат.

Өзбекстанда парламенттик шайлоо тарыхта биринчи жолу мажоритардык жана пропорционалдык системаны айкалыштырган аралаш системада өттү. Парламентке жалпы 150 депутаттык мандат орунга, 75 депутат бир мандаттуу шайлоо округдар боюнча жана дагы 75 депутат партиялык тизме боюнча шайланат.

Жалпысынан шайлоого беш партия катышты, алар:

Өзбекстандын Либералдык-демократиялык партиясы;

Миллий тикланиш демократиялык партиясы;

Өзбекстандын Экологиялык партиясы;

Өзбекстандын Элдик-демократиялык партиясы жана «Адолат» социал-демократиялык партиясы.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM