Биз менен байланышыңыз

Ноокенде өспүрүм кызга ыплас аракеттерди жасоого шектелип тайкеси кармалды

Кыска кабар | 16 Окт 2024 | 98 | 0

Ноокенде жаш өспүрүм кызга карата ыплас иш-аракеттерди жасаган жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Ноокен РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө 1972-жылы туулган тургуну өзүнүн жээнине карата сексуалдык мүнөздөгү ыплас аракеттерди жасап жүргөндүгү боюнча маалымат келип түшкөн.

Жабыр тарткан кыздын ата-энеси ажырашкандыктан, кыз тайкесинин үйүндө жашаган.

Бул факты Ноокен РИИБдин Тергөө кызматы тарабынан маалыматтардын электрондук журналына каттоого алынып, КР Кылмыш-жаза кодексинин «Ыплас аракеттер» беренеси менен катталып, кылмыш иши козголгон.

Тергөөнүн жүрүшүндө шектүү жаран 2023-жылдан баштап жээнине бузуку аракеттерин жасап жүргөндүгү аныкталган.

Тергөөнүн жыйынтыгы менен 13-октябрь күнү аталган кылмыш ишине шектүү катары 1972-жылы туулган Б.К. кармалып, эки айга камакка алынды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM