Биз менен байланышыңыз

Футбол: Кыргызстан менен Түндүк Кореянын беттеши башталды

Кыска кабар | 15 Окт 2024 | 112 | 0

Бишкекте Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Кыргызстан менен Түндүк Кореянын футбол боюнча улуттук курама командаларынын беттеши башталды.

Оюн 2026-жылы өтө турган дүйнө чемпионатынын тандап алуу оюндарынын үчүнчү баскычынын алкагында өтүп жатат.

К ыргызстан 5-сентябрда Иранга каршы ойноп 0:1 эсебинде утулган. 10-сентябрда Өзбекстанга 2:3 эсебинде жеңилген. 14-ноябрда Бириккен Араб Эмиратында, 19-ноябрда Бишкекте Иран менен ойнойт. А л эми кийинки оюндар 2025-жылдын март айынан баштап уланат.

Үчүнчү баскычта 18 курама алты командадан турган үч тайпага бөлүнгөн. Бул этаптагы оюндардын жыйынтыгы боюнча ар бир тайпадан эң мыкты эки команда 2026-жылы өтө турган дүйнөлүк биринчиликке жолдомо алышат.

Төртүнчү квалификациялык раундда Азиядан дагы эки катышуучу аныкталат жана континенттер аралык плей-офф аркылуу дүйнөлүк чемпионатка катышуу үчүн дагы бир орун үчүн күрөш жүрөт. Биздин курама команда Иран, Катар, БАЭ, Түндүк Корея жана Өзбекстандын курама командалары менен биргеликте «А» тайпасында жайгашкан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM