Connect with us

АКШ Израилге Ирандан коргонуу үчүн аскерлерин жана техникаларды жөнөтөт

Дүйнө , Кыска кабар | 15 Окт 2024 | 491 | 0

13-октябрда АКШ Израилге америкалык аскерлерди жана Ирандын ракеталык чабуулдарынан коргонуусун чыңдоо үчүн иштелип чыккан ракетадан коргонуу системасын жөнөтө турганын билдирди.
АКШнын президенти Жо Байден бул кадам 1-октябрда Тегеран Израилге 180ден ашык ракета учургандан кийин Иранга каршы жооп кайтаруу аракетин көрүп жаткан “Израилди коргоо” деп билдирди.

Буга чейин АКШнын президенти Жо Байден Израилдин Ирандын өзөктүк объектилерине жана энергетикалык инфраструктурасына кол салуусуна каршы экенин  ачык билдирген.
Ошол эле күнү 13-октябрда Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи Кошмо Штаттары «Израилде америкалык ракеталык системаларды жөнөтүү менен өз аскер кызматкерлеринин өмүрүн тобокелге салып жатат» деп эскертти. Ал ошондой эле
Иран элинин кызыкчылыктарын коргоодо эч кандай кызыл сызык жок экенин айтты.

Иран апрель айында Израилге ракета жана учкучсуз учактарды учурган. Андан кийин 1-октябрда  Ливандагы согуштук аракеттер күчөгөн маалда  Израилдин аймагына 180ден ашык баллистикалык ракета менен чабуул жасаган. Израиль бийлигинин маалыматы боюнча ракеталардын көбү коргонуу системасынын жардамы менен жок кылынып, айрымдары «темир купол» коргонуу системасын жарып өткөн.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM