Биз менен байланышыңыз

Көрүстөндөрдөгү эстеликтердин сырткы көрүнүш тартиби иштелип чыгат

Кыска кабар | 15 Окт 2024 | 110 | 0

Мүрзөдөгү эстеликтердин сырткы көрүнүшүнүн тартиби иштелип чыгат. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Нурдан Орунтаев билдирди.

Анын айтымында, эстеликтер таштан, темирден эмес, жыгачтан жасалышы керек.

«Президенттин жарлыгында архитектура органдарына көрүстөндөргө кандай эстеликтерди коюу боюнча көрсөтмө берилди. Эстеликтер таштан, темирден жасалбай, жыгач конструкциядан болуусу керек. Биз жакында тартибин иштеп чыгып, өзүбүздүн порталыбызга жайгаштырабыз. Анда эстелик кандай типте, кандай тартипте болору көрсөтүлөт», — деди ал.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM