Connect with us

Кадамжай районуна чакан ГЭС курулат

Кыска кабар | 15 Окт 2024 | 398 | 0

Кыргыз-Орус өнүктүрүү фонду Баткен облусунун Кадамжай районундагы 600 кВт кубаттуулуктагы Базарбай Ата-З кичи ГЭСинин курулушуна инвестиция салат. Бул тууралуу Кыргыз-Орус өнүгүү фондунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, долбоордун баасы 40,1 миллион сомду түзөт. Бул сумманын жарымынан көбү — 22 миллион сом Кыргыз-Орус өнүгүү фонду тарабынан бөлүнгөн.

Аталган фонддун төрагасы Артем Новиковдун айтымында, Баткен облусу боюнча фонд аркылуу жети ири долбоор ишке ашырылууда, анын ичинде Кадамжай районунун Халмион айылындагы газобетон заводунун жана мектептин курулушу.

«Бүгүн биз дагы бир келишимге кол коюп жатабыз, бул жолу кичи ГЭСти куруу боюнча. Ал бүтсө жергиликтүү тургундар электр энергиясынын жетишсиздигин түбөлүккө унутат деп ишенем», — деди Новиков.

Долбоордук документацияга ылайык, «Базарбай Ата-З» кичи ГЭСи ишке киргенден кийин жылына электр энергиясын өндүрүү 5,2 млн кВт/саатты түзөт. Муну менен ага жакын жайгашкан Марказ жана Сары-Алтын айылдарынын, ошондой эле Кадамжай районунун айрым бөлүктөрүнүн калкын электр энергиясы менен камсыздоо маселеси чечилет.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM