Биз менен байланышыңыз

Президент “Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө” жарлыкка кол койду

Кыска кабар | 15 Окт 2024 | 311 | 0

Президент  Садыр Жапаров 14-октябрда “Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө” мыйзамды ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу жарлыкка кол койду.

Кыргызстанда адам каза болгондон кийин керээзи боюнча каадаларды жана салттарды, диний жана табынуу үрп-адаттарын сактоо менен жайга коюлууга укуктуу. Сөөктү жайга коюу жалпыга таанылган адеп-ахлактын, этиканын принциптерине каршы келбеген дин тутуу каадаларын жана салттарын эске алуу менен жүргүзүлөт. Кыргызстанда  көпчүлүк тутунган ислам дининде сөөктү жайга коюнун өзүнчө үрп-адаттары жана маркумду узатуунун ырасымдары жана эрежелери бар.

Азыркы кыргыз коомунда маркумду жайга коюуда текебердик, башка адамдардын социалдык абалына менменсинип мамиле кылуу, ашыкча ысырапкорлук, диний каадаларды жана салттарды этибар албоо сыяктуу терс көрүнүштөр жана кемчиликтер кездешет – маркумдун бир туугандары эстелик, күмбөздөрдү курууда.
Президент конституциясынын 66, 71-беренелерин жетекчиликке алып, токтом чыгарды.

Токтомдо Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгына маркумдун кабырына түрдүү материалдардан жасалган курулмаларды курууга тыюу салуу, ысырапкорчулукту болтурбоо жана  маркумдарды жайга коюу маселелери боюнча эл арасында маалыматтык-түшүндүрүү иштерин дайыма жүргүзүү сунушталды.

Мындан тышкары  дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы,  министрлер кабинетине караштуу архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги, Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик,  Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу   органдары
үч айлык мөөнөттө “Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө” мыйзамын иш жүзүндө жүзөгө ашыруу боюнча чараларды көрүү иштери тапшырылды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM