Биз менен байланышыңыз

Ноокатта эки тургунду сүзүп кеткен айдоочу кармалды

Кыска кабар | 14 Окт 2024 | 81 | 0

Ноокатта эки тургунду сүзүп кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу Ош облусттук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя 13-октябрь күнү саат 00:20 чамасында болгон. Анда «Тойота Камри» унаасынын айдоочусу Ноокат районунун тургундары 1967-жылы туулган Б.А жана 1980-жылы туулган Б.В.ны сүзүп, кырсык болгон жерден качып кеткен.

Аталган факт маалыматтардын электрондук журналына катталып, Ноокат райондук жол инспекторлору тарабынан ыкчам иш-аракеттер жүргүзүлгөн. Натыйжада 2001-жылы туулган айдоочу Б.у А.нын унаасын үйүнө токтотуп койгон жеринен кармап, Ноокат РИИБдин тергөө кызматына өткөрүп беришкен.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM