Биз менен байланышыңыз

Атайын билими жок психолог, коучтарга тыюу салган мыйзам долбоору комитетте колдоо тапты

Кыска кабар | 14 Окт 2024 | 61 | 0

Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында депутаттар Бактыбек Сыдыков, Гүлшаркан Култаева жана Марлен Маматалиев тарабынан демилгеленген «Жарнак жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоорун экинчи жана үчүнчү окууда жактырды.

Мыйзам долбоорун комитеттин төрайымы Винера Раимбачаева сунуштады. Анын айтымында, мыйзам долбоору жарнактын айрым түрлөрүн жөнгө салуу максатында иштелип чыккан.

«Учурда тиешелүү кесиптик даярдыгы жок курстар, тренингдер жана консультациялар сыяктуу психологиялык кызматтарды көрсөткөндөрдүн санынын өсүү тенденциясы байкалууда. Натыйжада психологиялык кызматтардын рыногу компетентсиз адистердин санына толду», — деди ал.

Мындай кызматтарды көрсөткөн адамдар көбүнчө социалдык тармактарда өз кызматтарын жарнамалашат. Буга байланыштуу мыйзам долбооруна жашы жете электерди жана жарандарды коргоо максатында чектөөлөрдү киргизүү сунушталууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM