Connect with us

Аба ырайы: Күндүз аймактарда жаан жаайт

Кыска кабар | 16 Сен 2024 | 244 | 0
Сүрөт: Влад Ушаков

Кыргызгидромет билдиргендей, 17-сентябрга караган түнү Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда жаан жаап, бийик тоолуу райондорго кар түшүшү мүмкүн.

Күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Баткен облусунун айрым жерлеринде жаан жаайт. Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде жаан нөшөрлөп жаашы мүмкүн.

Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +9…+14, күндүз +19…+24,

Талас өрөөнүндө түнкүсүн +5…+10, күндүз +15…+20,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +12…+17, күндүз +22…+27,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +18…+23,

Нарын облусунда түнкүсүн +4…+9, күндүз +18…+23.

Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +12…+14, күндүз +21…+23 градус болот.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM