Биз менен байланышыңыз

Ташиев: “Ким мамлекеттин бюджетине кол салса жазасыз калбайт”

Кыска кабар | 14 Сен 2024 | 146 | 0

Кечээ, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Сокулук районунундагы борбордук стадиондун жана спорт комплекстин курулушунун башталышы боюнча иш-чарага катышып жатып: “Коррупцияга аралашкандардын бирөө дагы жазасыз калбайт”,-деп белгиледи.

Ал өлкөдө коррупция менен күрөш күч алгандыктан экономикада жылыш болуп жатканын айтты.

«Коррупция менен күрөш аягына чыга элек. Анткени аябай чырмалышып, аягына чыгуу татаал болууда. Бирок соңуна чейин чыгарабыз. Ким коррупция менен мындан ары аралашып, мамлекеттин бюджетине кол салып, элдин байлыгын талап-тонойм дей турган болсо мыйзам чегинде, татыктуу жазасын алат. Бирөө дагы жазасыз калбайт», — деген Ташиев.

Ошондой эле ал учурунда мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен жерлер, объектилер бүт текшерилерин кошумчалады.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM