Биз менен байланышыңыз

Көчмөндөр оюндары: Кыргызстан медалдардын саны боюнча 2-орунду ээледи

Кыска кабар | 14 Сен 2024 | 135 | 0

Кыргызстан V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында медалдардын саны боюнча 2-орунду ээледи.

V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын worldnomadgames.kz расмий сайтындагы маалыматка ылайык, Кыргызстан мелдеште 65 медаль утту (19 алтын, 21 күмүш, 25 коло).

Оюндарда 1-орунга Казакстан чыкты. Аларда 112 медаль бар (43 алтын, 32 күмүш, 37 коло).

Үчүнчү орунда Россия — 49 медаль, төртүнчүдө Өзбекстан — 34 медаль, бешинчи орунга 6 медаль менен Түркия жайгашты.

Андан кийинки саптарда Иран, Венгрия, Түркмөнстан, Румыния, Польша бар.

Белгилей кетсек, V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары быйыл Казакстандын Астана шаарында 8-13-сентябрда өттү.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM