Биз менен байланышыңыз

«Ала-Арча» паркына автоунаа менен кирүүгө тыюу салынат

Кыска кабар | 8 Сен 2024 | 86 | 0

Чүй облусундагы «Ала-Арча» мамлекеттик жаратылыш паркынын аймагына автоунаа менен кирүүгө чектө киргизилет. Бул мамлекет башчынын тапшырмасы экенин Президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев Фейсбук баракчасына 8-сентябрда жазды.

Бирок ал чектөө качан башталарын айткан эмес. Бул чараны экологияны коргоо жана аймактын жаратылышын таза сактоо деп түшүндүрдү.

«Коноктордун ыңгайлуу шарттарды камсыздоо максатында, парктын сыртында кошумча унаа токтотуучу жайларды куруу пландалууда. Автоунаалардын ордуна электр унааларынын пайдалануу экологиялык таасирди азайтып, аймактын жаратылышын таза сактоого багытталат.

Мындан тышкары, келечекте биз жаңы А-Фрейм үйлөрүн жана кооз тоолордун көрүнүшү бар мейманкана курууну пландап жатабыз»,-деп жазган Туманбаев.

Жыл башында Каныбек Туманбаев 2025-жылдан тарта «Ала-Арча» мамлекеттик жаратылыш паркынын аймагына автоунаа киргизилбей тургандыгын айткан. Ал парктын кире беришине 5 миң машинеге ылайыктуу унаа токтотуучу жай курулаарын, ал эми конокторду ташууга атайын экологияга зыян келтирбеген көлүктөр алынаарын айткан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM