Connect with us

9-сентябрга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыска кабар | 8 Сен 2024 | 124 | 0

Кыргызгидромет билдиргендей, 9-сентябрда түнкүсүн Жалал-Абад облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ош, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жаайт, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, Талас, Баткен облустарында жаан-чачын болбойт.

Күндүз Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан жаайт.

Түндүк-батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусу түнкүсүн +8… + 13, күндүз + 19 … +24,

Талас облусу түнкүсүн +4… + 9, күндүз + 17 … +22,

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +10… + 15, күндүз +20… + 25,

Ысык-Көл облусу түнкүсүн +7… + 12, күндүз + 17 … +22,

Нарын облусу түнкүсүн + 3… + 8, күндүз + 16…+21.

Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын болбойт, күндүз жаан жаашы мүмкүн. Абанын тепературасы +11…+13, күндүз +22…+24 градуска жетет.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM