Биз менен байланышыңыз

Бишкекте жаңы гүл бакча курулууда

Кыска кабар | 24 Авг 2024 | 136 | 0

Бишкек шаарынын Ленин районуна караштуу Новопавловка айыл аймагында 29 млн сомго гүл бакча курулууда. Бул тууралуу Ленин районунун акими Жыргалбек Шакиев билдирди.

Анын айтымында, бюджеттин эсебинен жасалып жаткан долбоорду сентябрь айында бүткөрүү мерчемделүүдө.

«Фрунзе көчөсүндөгү узундугу 600 метрди түзгөн гүл бакчанын жалпы аянты 10 миң чарчы метр. 34 млн сомго тендер жарыяланган, подряддык уюм долбоорду 29 млн сомго ишке ашырмай болду. Сентябрь айынын аягына чейин гүл бакчаны бүтүрүп, пайдаланууга беребиз», — деди ал.

Аткарылып жаткан иштердин жүрүшү менен Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев жеринен таанышып, курулуш иштерин сапаттуу жасоону жана бак-дарактарды көбүрөөк отургузууну тапшырды.

Ленин районунун акими Новопавловка айыл аймагы борбор калаанын аймагына кошулгандыктан шаардын батыш тарабындагы кире беришине жаңы стелла тургузуларын, эскиздик долбоор даярдалгандыгын кошумчалады.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM