Биз менен байланышыңыз

Олимпиадага катышкан спортчулардын экөө Кыргызстанга келди

Кыска кабар , Спорт | 2 Авг 2024 | 583 | 0

Бүгүн, 2-августта таңкы саат 04:30да Парижде өтүп жаткан Олимпидалык оюндарга катышкан спортчулардын бир бөлүгү Кыргызстанга кайтып келди. Алар суучул Денис Петрашов жана дзюдочу Кубанычбек Айбек уулу.

«Манас» эл аралык аэропортунан спортчуларды тосуп алууга Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Тимурлан Ажымалиев, Дене тарбия жана спорт департаментинин кызматкерлери, спортчулардын жакындары катышты.

Денис Петрашов сууда сүзүү боюнча 100 жана 200 метр аралыкка брасс стилинде мелдештерге катышкан. Жарым финалга чейин чыгып, 14-орунду ээлеп, финалга чыга алган жок.

Дзюдочу Кубанычбек Айбек уулу 66 килограммга чейинки салмак ченинде 1/16 финалда украиналык спортчу Богдан Ядов менен беттешип, атаандашына 0:11 эсебинде утулуп калды.

Париждеги жайкы Олимпиада оюндары 26-июлдан 11-августка чейин, Паралимпиадалык оюндар 28-августтан 8-сентябрга чейин өтөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM