Биз менен байланышыңыз

Ысык-Көлдө 12 жашар өспүрүм үч аялды куткарды

Кыска кабар | 21 Июл 2024 | 392 | 0

Ысык-Көл облусунун 12 жаштагы тургуну Алинур Туратбеков өзгөчө эрдикти жана чечкиндүүлүктү көрсөтүп, Каракол шаардык пляжынын жанындагы көлгө чөгүп бараткан үч аялдын өмүрүн сактап калды.

Ички иштер министрдигинен билдиришкендей, анын тез кабыл алган чечими жана кайраттуулугу кырсыктын алдын алууга шарт түзгөн.

Окуя , 20-июль күнү кечинде, Алинур апасы жана карындаштары менен көл жээкте эс алып жүргөндө болгон. Жардам сураган үндөрдү уккан Алинур, толкунга туруштук бере албай, чөгүп баштаган аялга жардам берүү үчүн сууга кирген. Ошол маалда эки аял чөгүп жаткан аялга жардам берүүгө аракет кылышып, бирок, алар чөгө башташкан.

Алинур Туратбеков сууда сүзүү чеберчилигин жана эрктүүлүгүн көрсөтүп, сууга чөгүп бараткан аялдарга катары менен жардам көрсөтүп, жээкке жеткире алган. Анын көрсөткөн эрдиги кырсыктын алдын алып, адамдардын өмүрүн сактап калды.

12 жаштагы Алинур самбо менен машыгат, спорт чөйрөсүндө бир нече ийгиликтерге жетишкен жана Тоң райондук милициясынын орун басары Мирлан Буканбаевдин уулу экендиги аныкталды.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM