Биз менен байланышыңыз

Ош шаарындагы селден жабыркаган базарды көчүрүү үчүн соодагерлерге түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Кыска кабар | 21 Июл 2024 | 293 | 0

Ош шаарындагы борбордук базарды шаардын башка аймагына көчүрүү боюнча соодагерлерге түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан билдиришти.

20-июлда Ош шаарынын мэриясынын, борбордук базардын дирекциясынын жана муниципалдык аймактык башкармалыгынын өкүлдөрү соодагерлер арасында базарды Көкүмбий көчөсүндө жайгашкан жаңы соода жайга көчүрүү боюнча түшүндүрүү иш-аракеттерин жүргүзүштү. Коопсуздукту тартип сакчылары камсыз кылышты.

Түшүндүрүү иштеринин алкагында ишкерлер борбордук базардын жаңы жайгашкан жери менен таанышып чыгышты.

Белгилей кетсек, 14-июлда Ош шаары жана Кара-Суу районунун аймагында катуу жааган жаандан улам Ак-Буура дарыясында суунун деңгээли көтөрүлүп, борбордук базарды, эс алуу жайларын жана бир катар айылдарды каптаган. Анын кесепетинен Төлөйкөн айылындагы «Мөл-Булак» эс алуу борборунда бир үй-бүлөнүн мүчөлөрүн — 4 адамды, ошондой эле борбордук базарда бир аялды сел агызып кеткен.

Жакында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жана УКМКнын  төрагасы Камчыбек Ташиев селден жапа чеккен жарандар менен жолугуп, борбордук базар коопсуз жайга көчүрүлөрүн билдирген. Мындан сырткары борбордук базарды шаардын коопсуз жагына жылдыруу иштери эки айлык мөөнөттү талап кыларын шаардын мэри Бакытбек Жетигенов билдирген. Ал арада базарда эмгектенген айрым соодагерлер базардын көчүрүлүшүнө каршы чыгышкан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM