Биз менен байланышыңыз

Аксыда селден коопсуз жайга көчүрүлгөндөр үйлөрүнө кайтты

Кыска кабар | 21 Июл 2024 | 315 | 0

Сузакта Кара-Суу дарыясында суунун деңгээли көтөрүлгөнүнө байланыштуу коопсуз жайга эвакуациялангандар үйлөрүнө кайтып келди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 20-июлда саат 15:30дар чамасында Аксы районуна караштуу Кара-Камыш, Сары-Челек айыл өкмөттөрүндө кыска мөөнөттүү жааган жаандан улам сел кырсыгы катталып, 56 турак үйгө суу каптоо коркунучу жаралган. Аталган турак жайдын жашоочулары коопсуз аймакка эвакуацияланып, 3 турак үйдүн ичин, 35 турак үйдүн короосун сел суулары каптап, 4 чакырым ички чарбалык жолдор селден жабыркаган.

Ошондой эле аймакта катталган шамалдын кесепетинен 2 социалдык объекттинин жана 2 турак үйдүн чатырын шамал учуруп, 1 электр мамычасын кулатып, 35 турак үй электр жарыксыз калган.

Жаралган кырдаалдын кесепеттерин жоюу үчүн жерине райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 16 куткаруучу, райондук Жарандык коргонуу кызматтарынын күч каражаттарын жана өзгөчө кырдаалдар министрлигинин оор инженердик техникасын тартуу менен тоскоолдук жараткан жолдорду ички каналдарды калыбына келтирүү жумуштары жүргүзүлүп, куткаруучулар тарабынан короо-жайларды тазалоо жумуштары аткарылды.

«Ири-Булун жана Кара-Суу айылында эвакуцияланган 56 үй-булө туруктуу ордуна кайтып келишти», — деп айтылат маалыматта.

ӨКМ ички чарбалык жолдорду жана кооптулук жараткан сел каналдарды калыбына келтирүү иш-чаралары бүгүн дагы улантыларын белгилейт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM