Биз менен байланышыңыз

Мэрия бак-дарактарга жарнама илгенге тыюу салды

Кыска кабар | 20 Июл 2024 | 296 | 0

Бишкек мэриясы бизнес жүргүзгөн юридикалык жактарга уруксаатсыз жашыл аянтчаларга жарнамалык конструкцияларды жайгаштырууга тыюу салды.

“Бизнеске көңүл бурган көпчүлүк шаардыктар  бак-дарактардын абалына маани беришпейт.

Урматтуу бизнес ээлери, жарандар! Жашыл мейкиндиктерге зыян келтирбеңиз, чектеш аймактын жашылдандыруу элементтерин бузбаңыз”.

Белгилей кетсек, көпчүлүк юридикалык жактар жарнактарды, кооздук үчүн жана жарык берүүчү электр зымдарын бак-дарактарга жабыштырып, ошондой эле аларды  бурамалар, степлер жана илгичтер менен бекитип, кабелдер жана зымдарды илишет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM