15-июлга караган түнү Германиянын Берлин шаарындагы Олимпиадалык стадиондо футбол боюнча Европа чемпионатынын финалдык беттеши өтөт.
Финалда Англия менен Испаниянын командалары ойнойт. Оюн Бишкек убактысы боюнча саат 01:00дө башталат.
Футбол боюнча Европа чемпионаты Германияда 14-июнда башталган.
Испания (1964-жылы), Италия (1968-жылы) жана Франция (1984-жылы) Европа биринчилигин утуп алган.
Португалия (2004), Франция (2016) жана Англия (2020) финалда өз үйүндө утулуп калган. Евро-2024 оюнунда Германия чейрек финалда Испанияга утулуп калды.