Биз менен байланышыңыз

9-июлдун аба ырайы

Кыска кабар | 8 Июл 2024 | 144 | 0

Кыргызгидрометтин маалыматына караганда, 9-июлда түнкүсүн айрым жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөйт.

Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй облусунун айрым жерлеринде, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтөт.

Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +15…+20, күндүз +29…+34,

Талас өрөөнүндө түнкүсүн +10…+15, күндүз +27…+32,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +15…+20, күндүз +30…+35,

Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +10…+15, күндүз +22…+27,

Нарын облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +21…+26.

Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын болбойт, күндүз өткүн өтүшү мүмкүн. Абанын  температурасы түнкүсүн +17…+19, күндүз +31…+33 градус болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM