Биз менен байланышыңыз

Баткенде мунайды кайра иштетүүчү ири завод ишке берилет

Кыска кабар | 8 Июл 2024 | 204 | 0

Баткен облусунун Кадамжай районундагы Көк-Талаа айылында суткасына 500 тонна мунай иштете турган завод курулууда. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен кабарлашты.

«Түндүк Сох» жана «Чонгара Галча» мунай кендерин биргелешип иштетүү долбоорун ишке ашыруу үчүн 2023-жылдын 23-мартында «Кыргызтранснефтегаз» мамлекеттик ишканасы менен Түркиянын «Кыргыз-түрк К-НефтьГаз» ишканасынын ортосунда макулдашууга кол коюлган.

Маалыматка караганда, заводдун курулуш иштеринин 90%дан ашыгы аткарылды. Мунайды кайра иштетүүчү заводдун курулушу сентябрь айынын аягына пландалган.

Учурда 4 мунай скважинасында оңдоо жана даярдоо иштери жүрүп жатат.

Заводду курууга 91 млн доллары инвестиция салынган. Жумушчулардын жалпы саны 51 адамды түзөт, анын ичинен 10у түрк адиси, 41и Кыргызстандын жараны. Октябрь айынан тарта 150 жумуш оруну түзүлөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM