Биз менен байланышыңыз

ИИМ Бишкектеги скверлердин бири жаңыланганын кабарлады

Кыска кабар | 7 Июл 2024 | 166 | 0

Ички иштер министрлигинин демилгеси менен Бишкектеги Касым Тыныстанов жана Жумабек көчөлөрүнүн кесилишиндеги скверди реконструкциялоо жана эс алуу жайын орнотуу иштери июнда аяктаган.

Эс алуу аянттын тротуарлары алмаштырылып, калкалоосу бар отургучтар орнотулуп, оюндар үчүн орундар уюштурулуп, жарыктандыруу жаңыртылып, гүлзарлар отургузулду. Балдар үчүн көчөгө түрдүү түстөгү жарык орнотулду.

Эс алуучулардын коопсуздугун камысыздоо үчүн видеобайкоо орнотулду. Курулуш, реставрациялоо, монтаждоо иштери ички иштер министрлигинин жетекчилигинин көзөмөлүндө жүргүзүлдү.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM