Биз менен байланышыңыз

Жапаров Азербайжанда Түрк мамлекеттер уюмунун бейформал саммитине катышат

Кыска кабар | 4 Июл 2024 | 235 | 0

Президент Садыр Жапаров 5-6-июлда Азербайжанга иш сапар менен барат. Бул тууралуу Президенттин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

Мамлекет башчы Азербайжанда өтө турган Түрк мамлекеттеринин уюмуна (ТМУ) мүчө өлкө башчыларынын бейформал саммитине катышат.

Анда транспорт, байланыш жана климаттык иш-чаралар аркылуу туруктуу келечекти түзүүнү камсыз кылуу маселеси талкууланат.

Тараптар жаратылыш коркунучтарынан келип чыккан табигый кырсыктарга, климаттын өзгөрүшүнө жамааттык жооп кайтаруу чараларын жана уюмга мүчө өлкөлөрдүн транспорттук байланышын бекемдөөнү талкуулашат.

Саммитке уюмдун катышуучу мамлекеттери – Кыргызстандын, Азербайжандын, Казакстандын, Өзбекстандын мамлекет башчылары, Түркиянын жана Венгриянын өкмөт башчылары катышат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM